ИИМ: Укук коргоо органдарынын күчү кырдаалды көзөмөлдөөгө жетет

ИИМ: Укук коргоо органдарынын күчү кырдаалды көзөмөлдөөгө жетет

Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкерлери менен ардагерлеринин өлкөдөгү коомдук-саясий абал тууралуу кайрылуу жасады.

Кайрылууда саясий күчтөрдү биригип мыйзам чегинде маселелерди чечүүгө чакырышкан.  

Ошондой эле укук коргоо органдары көчөдөгү талап-тоноону, баш аламандыкты басуу боюнча иш-аракет көрүп жатканы жана баш аламандыкты жөнгө салууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги айтылат.

Ички иштер органдарынын кайрылуусу:

“Акыркы бир нече күн ичинде өлкө оор коомдук-саясий кырдаалда турат.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги башка укук коргоо органдары менен биргеликте коомдук тартипти калыбына келтирүү, укук бузууларга бөгөт коюу жана болтурбоо, коомдук жайларда жана көчөлөрдө криминогендик абалды жакшыртуу, чагымчыл күчтөрдүн провокацияларына жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүүнү улантышууда. Андан сырткары криминалдык топторду пайдалануу менен мамлекеттик, жеке жана башка объекттердин мүлктөрүн басып алууга жол бербөө боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери менен ардагерлери биздин өлкөнүн келечегине кайдигер карабаган жарандарына кайрылып, бул оор учурда коомдук-саясий абалды турукташтыруу максатында биригүүгө чакырат. Баардык тараптар-Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партиялар, жаштар кыймылдар, коомдук уюмдар бир столдо отуруп, укуктук талаада саясий маселелерди чечип, мамлекеттин келечеги үчүн бийликтин мыйзамдуу бутактарын кыска убакытта бекитүүгө чакырабыз.

Укук коргоо органдары ар дайым саясаттан сырткары болгон жана боло берет деп эскерткибиз келет. Күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчү менен каражаттары бул кырдаалды көзөмөлдөөгө жетиштүү.

Биз Кыргызстандын бейпилдиги жана тынчтыгы үчүнбүз!”

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>