ИИМ: Ушул жылы 18 тоннадан ашык баңгизат кармалган

ИИМ: Ушул жылы 18 тоннадан ашык баңгизат кармалган

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан ушул жылы 18 тоннадан ашык баңгизат кармалган. Бул тууралуу башкармалыктын кызматкери Айдар Шигаев ИИМдин Комдук кеңешинин кезектеги жыйында билдирген.

Анын айтмында кармалган баңгизаттардын ичинде апийм, героин, каннабис чайыры (гашиш), марихуана, каннабис, апий өсүмдүгү, прекурсорлор, эске таасир этичүү заттар, фарм. препараттар жана башкарлар бар.

Шигаев ошондой эле төмөнкүлөрдү билдирген.

-Ушул жылы бардыгы болуп баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө байланышкан 944 кылмыш жана 183 жорук катталган.

-Баңгизаттар менен байланышкан кылмыштарын жана жоруктарын жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке 819 адам тартылган (эркектер – 806, аялдар – 13, жашы жете электер – 2, чет элдик жарандар – 16).

-Кылмыштуу топтор тарабынан жасалган баңгизаттар менен байланышкан 30 кылмыш аныкталган, бардыгы болуп жазык жоопкерчиликке 67 адам тартылган, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1т 912кг 224гр баңги каржаттар жана прекурсорлор алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>