Үйүндө мыйзамсыз сакталган куралды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды өз ыктыяры менен тапшырган адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирет.
«Мындан тышкары, эгерде үйдө үй-бүлө мүчөсүнүн өлүмүнөн кийин калган ок атуучу куралдары болсо (ал үчүн берилген жана мурда уруксаты бар болсо), токтоосуз жакынкы милиция бөлүмүнө кабарлаңыз. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин «Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча, ушул беренеде көрсөтүлгөн буюмдарды өз ыктыяры менен тапшырган адам ушул беренеде каралган жосун үчүн, аларды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. » — деп айтылат билдирүүдө.