ИИМ: Жыл башынан бери 2 миңдей мал уурдалды

ИИМ: Жыл башынан бери 2 миңдей мал уурдалды

Кыргызстанда жыл башынан бери 557 мал уурдоо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери сотко чейинки өндүрүштө мал уурдоого байланыштуу 793 материал болгон. Анын ичинен Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 557 фактынын бети ачылган. Жалпы мал уурулук менен алектенген 112 адамдан турган 51 кылмыштуу топ кармалган.

Кылмыштуу топтор жалпы 1 миң 973 мал уурдаган, анын ичинен 1 миң 55 мал ээлерине кайтарылып берилген. Алардын ичинен ийри мүйүздүү бодо мал 583, кайтарылып берилгени 313, 908 майда мүйүздүү мал жандыгы уурдалса, 478 кайтарылып берилген. Уурдалган жылкынын саны 482. Анын ичинен ээлерине кайтарылып берилгенинин саны 232. Жарандарга келтирилген жалпы зыяндын суммасы 46 миллион 744 миң сом, анын ичинен кайтарылганы 26 миллион 987 миң сомду түзөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>