Site icon Reporter.kg

ИИМде элчиликтердин өкүлдөрү менен жолугушуу болду

ИИМде Кыргызстандагы Пакистан, Кытай жана Индиянын элчиликтеринин өкүлдөрү менен чет өлкөлүк жарандарга карата кылмыштардын алдын алуу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин демилгеси менен өтүп, чет өлкөлүк жарандарга карата кылмыштардын алдын алуу, эскертүү жана жол бербөө маселелерине арналган.

«Жолугушууга Пакистандын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлүнүн жардамчысы Муштаг Ахмед, Кытайдын элчилигинин үчүнчү катчысы Фань Цзюньвэй, атташеси Фэн Цяо, Индиянын элчилигинин консулу Неллаяппан Понаппан, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башкармалык начальниги Чынгыз Иманалиев жана Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары Олжобек Кенешбек уулу катышты. Жолугушууда чет өлкөлүк жарандарга каршы жана ал жарандар тарабынан жасалган кылмыштарды алдын алуу маселелерин талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version