Site icon Reporter.kg

ИИМдин Академиясы ардагерлерге акчалай жардам көрсөттү

Ички иштер министрлигинин Академиясынын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин  куттукташты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 9-май Улуу Жеңиш күнү карата жыл сайын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жылуу сөздөрүн айтып, жакшы каалоо-тилектерин билдирип, жардамдарын берип келет.

“Бул жылы дагы Жеңиш майрамынын 76 жылдык мааракесине  карата Бишкек шаарынын Свердлов районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине акчалай жардам көрсөтүштү. Аларга белек-бечектер менен барып, жылуу маанай тартуулоо менен бирге батасын алып кайтышты”, — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version