ИИМдин Академиясында ишембилик өткөрүлдү

ИИМдин Академиясында ишембилик өткөрүлдү

Ички иштер министрлигинин Академиясында ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Академиянын имаратында өздүк курам тарабынан имараттын тышкы айланасын жазга карата  тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ишембиликке 200дөн ашык кызматкерлер тартылып, имараттын тегерегиндеги дарактардын жалбырактары, таштандылар алынып, арыктар тазаланып, эски куураган бактардын бутактары кесилип иретке келтирилген.

«Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалоо иштери мындан ары дагы улана бермекчи», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>