Site icon Reporter.kg

ИИМдин делегациясы Венада иш сапары менен болду (сүрөт)

Ички иштер министрлигинин делегациясы Венадагы иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-16-мартта Вена шаарында БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясынын (CND) 66-сессиясы болуп өткөн. Ага ИИМдин делегациясы катышып, анын алкагында Россиянын, Кореянын, Япониянын, Испаниянын, АКШнын, Сауд Арабиянын, Финляндиянын, Түркиянын, Швейцариянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, CADCAнын, Европа Биримдигинин жана БУУнун БКБнын делегациялары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.

«Жолугушуулардын жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү, анын ичинде Афганистанда баңгизаттарды өндүрүүсү, синтетикалык баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын көбөйүшүнө, баңги кирешелерин адалдоого каршы жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу жана баңгизаттарды экспертизадан өткөрүү, изилдөө жана башка маселелер талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын кызматташуусунун форматында маалымат жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууларга жетишилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version