Site icon Reporter.kg

ИИМдин экс-кызматкери Марат Рысалиев кырсыкка кабылды. Туугандары жардам сурашууда

Марат Рысалиев

Ички иштер министрлигинин экс-кызматкери Марат Рысалиевди Кочкор-Ата шаарында үй-бүлөсү менен конокко бара жаткан айдоочу унаасы менен коюп кеткен.

Айдоочу рулга ээ боло албай калган.

Марат Рысалиев Балыкчы райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген. Эки жылдан кийин ден-соолугуна байланыштуу жумуштан кеткен.

«Кырсыктын кесепетинен баш сөөктүн эки жери, моюн сөөгү, буттары, колдору сынган. Аны шаарга  атайын реанимациялык унаа менен 15 миң сом төлөп алып келишкен. Үй-бүлөнүн дары сатып алууга каражаты жетпейт. Күнөөлүү төлөй албай жатат», — деп жазылат социалдык тармактагы билдирүүдө.

Марат Рысалиевдин туугандары кайрымдуу жарандардан жардам сурашууда.

Exit mobile version