Site icon Reporter.kg

ИИМдин ички аскер бөлүмү тамак-аш, кийим-кечектен 34 млн. сом өөнөгөн

Аскер прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ишмердүүлүгүн пландуу текшерүүсүнүн жүрүшүндө туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында башкы көзөмөл органдан билдиришти.

Маалыматка караганда,  өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 млн. 946 миң  866 сом бюджеттик каражаттар уурдалган.

Көрсөтүлгөн фактылар боюнча аскер прокуратурасы тарабынан Ички аскерлердин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 209-беренеси (“Алдамчылык”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version