Site icon Reporter.kg

Видео: ИИМ кызматкери Таиланддагы ММА боюнча мелдеште жеңүүчү болду

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери Саламат Орозакунов Таиланддагы ММА боюнча мелдеште жеңүүчү болду. Бул тууралуу аталган полктун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 7-12-март күндөрү Бангкок шаарында аралаш мушташ (ММА) боюнча ONE LUMPINE аталышындагы мелдеш өткөн. Ага Кыргызстандын атынан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкери Саламат Орозакунов катышкан.

Бул мелдеште Саламат Орозакунов 84 кг салмак категориясында күч сынашып, жеңүүчү аталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version