Site icon Reporter.kg

ИИМдин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 18-мартта ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Министрликтин кызматкерлери өз аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тазалоо  иштерин аткарган.

 «18-мартта Кыргызстанда  социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калк жыш жайгашкан пунктардын аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлүп жатат.

 Буга утурлай, ИИМдин Борбордук аппаратынын  кызматкерлери дагы жалпы республикалык жазгы ишембиликке чыгышты. Милиционерлер ведомствонун аймагын жана ыйгарылып берилген жерлерди тазалашты.  Шаймандар менен жабдылган кызматкерлер аймактагы жалбырактарды шыпырышып, дарактардын эски бутактарын алышып, таштандыларды тазалашты. Кызматкерлер жагымдуу маанай менен иштешип, тосмолорду боёшуп, аймакты иретке келтиришти», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version