Site icon Reporter.kg

ИИМдин кызматкерлери кармашып урушуу турниринде 1-орунду ээлешти

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аскердик кармашып урушуу боюнча турнирде биринчи орунга ээ болушту. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-17-февраль күндѳрү Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнѳ карата күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышкан Аскердик кармашып урушуу боюнча турнир болуп ѳттү.

Аталган турнир Аскердик кармашып урушуу жана өзүн-өзү коргоо федерациясы тарабынын уюштурулуп, анда аскер кызматчылары, милиция кызматкерлери күч сынашты.

Жалпысынан 17 команда катышкан турнирде ИИМдин  Атайын багыттагы полкунун командасы командалык эсеп менен 1-орунга ээ болушту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version