Site icon Reporter.kg

ИИМдин кызматкерлери өкмөт тарабынан сыйланды (сүрөт)

Бүгүн, 26-сентябрда министрлер кабинетинде кесиптик ишмердигиндеги орчундуу жетишкендиктери менен айырмаланган жарандарды сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев өз ишинде ийгилик жараткан жарандарга министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана министрлер кабинетинин төрагасынын атынан алкыш баракчасын тапшырган.

Өз сөзүндө Жунушалиев чогулгандарды татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, бул сыйлыктарга республиканын билим берүү, медицина, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ички иштер, авиация, айыл чарба жана эл аралык иштер тармагындагы көрүнүктүү атуулдар татыганын белгилеген.

Сыйлык алган жарандардын катарында ИИМдин кызматкерлери да бар.

Ардак грамота менен сыйлангандар:

Министрлер кабинетинин алкыш баракчасын алгандар:

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version