ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тергөө иши аяктап, сотко жөнөтүлдү

ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тергөө иши аяктап, сотко жөнөтүлдү

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тергөө иши аяктап, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Курсан Асанов 13-августта Ички иштер министринин орун басары кызматынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган.

Буга 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө себеп болгон.

Сот анын баш коргоо чарасын карап, үй камагын кабыл алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>