Site icon Reporter.kg

ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармаган видеосу

Бишкек шаарындагы кафеде 31 жаштагы жаранды карактап кетүүгө шектүү делип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шериги менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши катталган. Милицияга 1992-жылы туулган Д.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал 18-январь күнү Бишкек шаарындагы кафелердин биринде эс алуу учурунда “Максат” аттуу чала тааныш адам жана белгисиз үч адам менен белгисиз үлгүдөгү тапанча  жана  бычак менен коркутуп,  “Редми-9”  үлгүсүндөгү  уюлдук телефонун, акча каражаттарын тартып  алышкандыгын билдирген.

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, бул кылмыш ишке шектүү катары Ысык-Көл облусунда жашаган 1989-жылы туулган К.М.ны кармашкан. Ал УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда каракчылык, тоноо, опузалап талап кылуу жана башка бир нече кылмышты жасоого шектелип соттолгон. Ошондой эле, анын шериги — Россиянын аймагында каракчылык үчүн бир нече жолу соттолгон, 1990-жылы туулган  Т.М. кармалган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version