ИИМге жаңы унаалар тапшырылды — сүрөт

ИИМге жаңы унаалар тапшырылды — сүрөт

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине алты автоунаа тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-апрелде ички иштер министри Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ички иштер министрлигине милициянын көчмө кабылдамасы үчүн 6 автоунаа тапшырылган. Ал автоунаалар Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБне, Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБне,  Чүй облусунун Москва, Кемин РИИБне, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Аксы РИИБне берилген.

“Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун алкагында Кыргызстанда биринчи милициянын көчмө кабылдамалары иштеп баштаган. Алар алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү калктарды  кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда өз натыйжалуулугун  көрсөтүүдө.

2011-жылдан баштап  бүгүнкү күнгө чейин ЕККУ тарабынан 39-милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылганы айтылат. Мунун негизинде Кыргызстанда ИИМдин ички резервинен 10 автоунаа  бөлүнүп берилип, жалпысынан Кыргызстанда 49 милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУга көрсөткөн колдоолору үчүн  ыраазычылыгын билдирип, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындан ары дагы алгылыктуу кызматташууга даяр экендигин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>