ИИМнин орун басары Каниметов: Шаар ичиндеги коопсуздук түнү бою көзөмөлдө болот

ИИМнин орун басары Каниметов: Шаар ичиндеги коопсуздук түнү бою көзөмөлдө болот

Учурда Бишкек шаарынын абалы тынч. Азыркы учурда коомдук тартипти сактоого аракет кылуудабыз. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары  Мирлан Каниметов билдирди.

Каниметовдун айтуусунда, шаар ичиндеги коопсуздук түнү бою көзөмөлдө болот.

Жол боюнда токтоп турган айрым автоунаалар талкаланып, Орозбеков көчөсүндөгү ашканалардын терезелерине таш тийген.

Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги борбордук аянтта камактагы Садыр Жапаровдун бошотулуусун талап кылган эл чогулуп, митинг өткөргөн. Алар Ак үйдү көздөй бет алганда, милиция аларды күч менен сүрүп чыгарды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>