ИИМ:Төлөгөн Рахманберди уулу жоопкерчиликтен качып, коомчулукту адаштырууда

ИИМ:Төлөгөн Рахманберди уулу жоопкерчиликтен качып, коомчулукту адаштырууда

Төлөгөн Рахманберди уулу  кылмыш жоопкерчилигине качууну көздөп, коомчулукту адаштыруу жана укук коргоо органдарын каралоо максатында видеокайрылуу жасаган.

Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

«Өткөн жылдын сентябрь айында болгон ок атышуудан Төлөгөн Рахымберди уулу  денесинен жаракат алып,  ооруканага жеткирилген. Териштирүү учурунда Төлөгөн Рахманберди уулу  көрсөтмө берүүдөн баш тартып,  жалпыга маалымдоо каражаттарына  кокустуктан өзүнө ок атып алганын айткан.

Төлөгөн Рахманберди уулунун башка резонанстуу иште катыштыгы бардыгы маалым болду. Ал 2018-жылдын 28-декабрь күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Бишкек шаарынын жашоочусу К.А. аттуунун денесине жаракат келтиришкен. Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы укукка жат иш-аракетке Рахманберди уулу Төлөгөндүн тиешеси бардыгы аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

2020-жылдын 29-январында болжол менен саат 18:00 чамаларында Оштогу стадиондо белгисиз адамдар Төлөгөн Рахманберди уулунун денесине жаракат келтирген соң качып кетишкен. Сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө Төлөгөн Рахманберди уулу көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Буга карабастан Ош шаарында милиция кызматкерлери күмөн саналган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Автоунаанын ичинде жүргөн ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турган 5 адам кармалган «, — деп жазылат министрликтин маалматында.

Белгилей кетсек, 14-февралда Эмилбек Кимсанов аттуу Фейсбук колдонуучусу эрежесиз уруш мушкери Төлөгөн Рахманберди уулунун президент Сооронбай Жээнбековго карата кайрылуусун жарыялаган.

Анда спортчу Ош шаардык комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев аны тапанча менен бутуна атканын тастыктап, «Саркарбаев ооруканага Мунарбек Раимбеков менен келип арыз жазсаң өлтүрөбүз» деп коркутканын айткан.

Учурда бул окуя кайрадан коомчулуктун талкуусуна түштү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>