Site icon Reporter.kg

Икрамжан Илмиянов абактан чыкты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов абактан чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Икрамжан Илмиянов абактан 2021-жылдын 1-декабрында жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн, соттун чечими менен чыккан. Ага карата мунапыс колдонулган.

Эскерте кетсек, Илмиянов 2019-жылдын октябрь айында «Дизель комплект» компаниясынан 150 млн доллар алууга күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version