Site icon Reporter.kg

Илимбек Акылбек уулу Octagon лигасынын чемпиону болду (видео)

Кыргызстандык Илимбек Акылбек уулу Octagon лигасынын чемпиону болду. Бул тууралуу лиганын Instagram баракчасында маалымдалды.

Жеңил салмакта чемпиондук кур үчүн казакстандык Айваз Айдинов менен болгон күрөш 3-раундда кыргызстандык мушкер жеңишке жетти.

Илимбек Акылбек уулу чемпиондук курду жана 10 миң доллар жеңип алды.

Кыргызстандык дагы бир мушкер Абузар Исраил уулу тажикстандык Шахриер Вохидовду экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алды.

Octagon турнири 22-мартта Алматыда өттү.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version