Site icon Reporter.kg

Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев камактан бошотулду

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотулду. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Карабаевдин бөгөт чарасы бүгүн, 31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурум учурунда каралган. Карабаевдин апасын караганга киши жок болгондуктан, сот аны камактан бошоткон.

Камактан чыккандан кийин Карабаев журналисттердин комментарий берип, массалык башаламандыктарга чакырык жасабаганын билдирген.

Эскерте кетсек, 2-июлда УКМК Жоомарт Карабаевди суракка чакырып, андан кийин кармаган. Атайын кызмат ага «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кармалганга чейин Карабаев социалдык тармактар аркылуу УКМК жана Илимдер академиясынын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

УКМК айтылган сындар боюнча үн каткан эмес. Ошондой эле Жоомарт Карабаевге козголгон иш боюнча маалымат бере элек.

Кыргызстанда буга чейин да соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган жарандар болгон. Аларга көбүнчө «массалык башаламандыктарга чакырыктар» же «бийликти басып алууга чакырыктар» беренеси менен иш козголгон. Бул иштер боюнча далил катары экспертизалардын корутундусу колдонулган.

Сентябрда Карабаев тергөө учурунда ага күч колдонулганын Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине билдирген.

8-октябрда анын иши сотто карала баштаган.

УКМК кармаган Жоомарт Карабаев тергөө учурунда ага күч колдонулганын билдирди

Exit mobile version