Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде экинчи орунга көтөрүлдү

Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде экинчи орунга көтөрүлдү

SpaceX жана Tesla компаниясынын башчысы Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде экинчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу жаңыланган рейтинг 24-ноябрда Bloomberg сайтына чыкты.

Илон Маск Bloomberg Billionaires Index (BBI) рейтингинде Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстен озуп, экинчи орунга чыккан.

Масктын байлыгы 127,9 миллиард долларга бааланган, рейтингдин мурунку версиясына салыштырмалуу ал 7,24 миллиард долларга өскөн. Ошол эле мезгилде, Маск акыркы бир жылдын ичинде 100,3 миллиард долларга байыган. 22-ноябрда Масктын байлыгы бир жума ичинде 13,5 миллиард долларга көбөйгөнү кабарланган.

Үчүнчү орунду ээлеген Гейтстин болжолдуу байлыгы 127,7 миллиард долларды түзөт.

Байлыгы болжол менен 182 миллиард долларга бааланган Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос дагы деле рейтингде биринчи орунду бербей келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>