Site icon Reporter.kg

Имамидин Ташов ачкачылык жарыялаганын айтты, ЖАК үн катты

Ишкер Имамидин Ташовдун Биринчи май райондук сотундагы отурумда укуктары бузулуп, 13-январдан тарта ачкачылык кармап жатканы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, №1 тергөө абагында камакта отурган Имамидин Ташов мекеменин жетекчилигине ачкачылык кармаганы тууралуу арыз менен кайрылган эмес жана тамак-аштан баш тарткан эмес.

Буга чейин «Азаттык» жазгандай, Имамидин Ташов бүгүн, 14-январда Биринчи май райондук сотунда 13-январдан тарта ачкачылык жарыялаганын айтып, №1 тергөө абагынын жетекчилигине жазган катын көрсөткөн. Катта Бишкектеги №1 тергөө абагында 2024-жылдын 20-декабрынан тартып камактагыларды кыйноолор башталганы, текшерүүлөр күчөп, кечкисин электр жарыгы өчүрүлүп жатканы жазылганын, ага каршылык көрсөтүп ачкачылык жарыялаганын айткан.

Эскерте кетсек, Имамидин Ташов УКМК тарабынан 2023-жылы кармалып, кийин кое берилген.

2024-жылы январда Ташов аны УКМКнын кызматкерлери кармаганда «сол чөнтөккө» 100 млн сом сураганын билдирген. Анын айткандарын Камчыбек Ташиев калп деп атап, «Ташов менен Тилекмат Куренов өлкөдө төңкөрүш даярдап жатат» деп айыптаган. Ал экөө тең издөөгө алынган.

Кийин 22-апрелде Ташов УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат Ташов Кара-Балтада штаб уюштуруп, андан кийин бийликти басып алуу максатында каршылык акцияларын өткөрүүнү пландаганын айткан.

Ташов ага коюлган айыптарды четке кагып келет. Камакта отургандан бери ал өзүнө бир нече жолу кол салды.

Ошондой эле ал УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып чыккан. Атайын кызмат анын билдирүүсүн четке каккан.

Exit mobile version