Site icon Reporter.kg

Имамидин Ташов өзүнө кол салганы айтылды, УКМК үн катты

УКМК «KG групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун өзүнө кол салды деген маалымат боюнча үн катты.

Атайын кызматтын билдиргени боюнча, Ташов коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу үчүн өзүнө жаракат келтирген. Бүгүн, 30-октябрда саат 09:00до УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери пландык кыдыруу учурунда Ташов ичин эки жеринен кескенин аныктаган. Тез жардам келгенге чейин тергөө абагынын медицина кызматкерлери ага жардам көрсөткөн. Тез жардам келгенден кийин аны №4 шаардык ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган. Аны менен бир камерада отурган адамдын айтымында, Ташов ичин устаранын лезвиясы менен кескен. Айрым маалыматтар боюнча, ал жакын туугандары менен сүйлөшүп алып өз жанын кыюуга даярданган.

УКМК Ташов алардын тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу маалыматты четке кагууда. Атайын кызмат муну тергөө абагында орнотулган видеокамералардагы жазуу менен далилдей аларын билдирүүдө. Ташовдун кыйноо тууралуу билдирүүсү боюнча прокуратура, Кыйнолорду алдын алуу борборуна кабар беришкен. Аталган борбордун кызматкерлери келгенде, Ташов алардын суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан.

Атайын кызмат Ташов Биринчи май райондук сотунун чечими менен Юстиция министрлигинин №1 тергөө абагына которулганын билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 30-октябрда Ташовдун жактоочусу Самат Матцаков «Азаттыкка» Имамидин Ташов өз жанын кыюуга аракет кылганын, №4 шаардык ооруканага түшкөнүн билдирген.

Буга чейин Имамидин Ташов 2023-жылы атайын кызмат кармаганда, УКМКнын кызматкерлери андан «сол чөнтөккө» 100 млн сом сураганын билдирген. Анын айткандарын Камчыбек Ташиев калп деп атап, «Ташов менен Тилекмат Куренов өлкөдө төңкөрүш даярдап жатат» деп айыптаган. Ал экөө тең издөөгө алынган.

Кийин 22-апрелде ал УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат Ташов «бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган» деп айыптаган.

Камакта отурган Имамидин Ташов өзүнө кол салганы кабарланды

Exit mobile version