Имамидин Ташов президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Имамидин Ташов президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

«KG Group» курулуш компаниясынын директору Имамидин Ташов президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Имамидин Ташов буга чейин ишкер катары калың элдин катмарына таанылган. 

37 жаштагы ишкер ошондой эле пандемия учурундагы элге берген жардамдары жана ага чейин муктаж адамдарга батир белекке бергени менен белгилүү.

Алардын бири стационарда каза болгон ыктыярчы Адинай Мырзабекованын ата-энесине батир  белекке бергени. 

Ушуну менен президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдиргендердин саны 30 адамга жетти. Буга чейин шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз берген Бакыт Бакетаев мурдагы ниетинен баш тартып, документтерин кайтарып алган.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>