«KG групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун залында мойнун белгисиз нерсе менен бир нече жолу тилип жиберди.
Бүгүн, 6-декабрдагы сот отурумунда судья Ташовдун бөгөт чарасын карап, аны 8-февралга чейин камакта калтырды.
Отурум аяктап калганда темир тордун артында отурган Ташов белгисиз зат менен мойнун бир нече жолу кесип жиберди. Конвой темир тордун ичине кирип аны токтотуп калды. Бир аздан кийин алар эс-учун жоготкон Ташовду соттун имаратынан көтөрүп чыгып кетти.
Имамидин Ташовду тез жардам алып кетип, ага медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы кабарланды.
Башкы сүрөт: Азаттык/ Максат Курманбеков
Эскерте кетсек, бүгүн, 30-октябрда Ташовдун жактоочусу Самат Матцаков «Азаттыкка» Имамидин Ташов өз жанын кыюуга аракет кылганын, №4 шаардык ооруканага түшкөнүн билдирген.
Буга чейин Имамидин Ташов 2023-жылы атайын кызмат кармаганда, УКМКнын кызматкерлери андан «сол чөнтөккө» 100 млн сом сураганын билдирген. Анын айткандарын Камчыбек Ташиев калп деп атап, «Ташов менен Тилекмат Куренов өлкөдө төңкөрүш даярдап жатат» деп айыптаган. Ал экөө тең издөөгө алынган.
Кийин 22-апрелде ал УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат Ташов «бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган» деп айыптаган.