Иммунология борборунун директору: Эмдөө ар бир адамдын өз ыктыяры менен жүргүзүлөт

Иммунология борборунун директору: Эмдөө ар бир адамдын өз ыктыяры менен жүргүзүлөт

Бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында коронавируска каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Иммунология борборунун директору Гульбара Ишенапысова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, эмдөө ар кимдин өз ыктыяры менен болот. Эмдөө тууралуу ар бир жаран маалымат алат.

Сен эмдөөдөн өтүшүң керек деген кыйноо болбойт, ар ким өзү маалымат алат, эмдөөгө макулдугун бергенде гана эмделет. Эмделген ар бир жаран базага киргизилет, — деп маалымдады саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.

Reporter.kg Бишкек шаарынын тургундарынан коронавируска каршы эмдөодөн өтөсүзбү? деген сурамжылоо жүргүзгөн. Кененирээк төмөндөгү шилтемеден көрүңүз:

“Вакцина дагы Кытайдан келиптир” Коронавируска каршы эмдөөгө элдин пикири кандай?

Белгилей кетсек, бүгүн алгачкылардын болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өтөт.

Саламаттык сактоо министри коронавируска каршы эмдөөдөн биринчи болуп өтөт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>