Site icon Reporter.kg

“Империя Пиццы” кыргызча ырдаганга тыюу салганы үчүн кечирим сурады — видео

“Империя Пиццы” эс алуу жайы кыргызча ырдаганга тыюу салган кызматкери үчүн кечирим сурады. 

Эс алуу жайынын бул окуя боюнча түшүндүрмөсү Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырып, болуп өткөн окуяга байланыштуу кардарынан кечирим сураган. 

“Биздин компанияда кыргызча ырдоого тыюу салынган эмес. Администратордун пикири биздин компаниянын позициясына туура келбейт. Коногубуз менен туура эмес кырдаал болуп кетти. Ошондуктан кечирим сурайбыз. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дейт ошондуктан ар бир катабызды кайра кайталанбашына аракет кылабыз. Биздин компания ар бир тилге, ар бир улутка терең урматтоо менен мамиле кылабыз”, — деп айтылат видео кайрылууда. 

Буга чейин интернет тармагына “Империя Пиццы” эс алуу жайынын кызматкери кардарына аларда кыргызча ырдаганга тыюу салынганын айтып, ырдоого мүмкүнчүлүк бербей жатканы тартылган видео тараган. 

Exit mobile version