Site icon Reporter.kg

«Империя пиццы»: уулангандардын саны 179 адамга жетти

«Империя пиццы» кафесинен тамакка уулангандардын саны 179 адамга жетти, алардын 18и балдар. Мындай маалыматты саат 11.00гө карата Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 50 жабырлануучуга стационардык жардам көрсөтүлүүдө.

Темир жол ооруканасында — 13, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында — 12, Улуттук госпиталда — 24, Ысык-Ата жалпы дарыгерлик практика борборунда – 1 адам жатат.

Алардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Калган жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Exit mobile version