Site icon Reporter.kg

Индияда болгон кубаттуу чагылган дагы 51 адамдын өмүрүн алды

Индияда кубаттуу чагылгандан дагы 51 адам каза болду.  Бул тууралуу РИА новости жергиликтүү маалымат булактарына таянып жазды.

Маалыматта ыйтылгандай, 39 адам  Бихар штатынын , 12 адам  Жаркханд штатынан каза болгон. 

Штат бийлиги тарабынан каза болгондор менен жапа чеккендердин туугандарына акчалай жардам көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, учурда Индиянын аймактарында муссон нөшөрү баштала турган маал.  Мухиттен кургакка карай согуп турган муссон шамалынан күн бүркөлүп кубаттуу чагылган жаркылдайт.

Буга чейин Уттар-Прадеш штатында болгон кубаттуу чагылган  32 адамдын өмүрүн алган.

Exit mobile version