Site icon Reporter.kg

Индия эгемендик күнүн белгилөөдө

«25 жылдан кийин Индия өнүккөн өлкөгө айланышы керек»- деди премьер-министр Нарендра Моди Нью-Делиде  эгемендүүлүктүн 75 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып.

Индиянын премьер-министринин айтымында, миллиарддаган долларлык инвестиция азыртадан эле өлкөнү дүйнөлүк товар өндүрүүнүн борборуна айландырууда.

«Мен жеке секторго да кайрылам. Келгиле, биз дүйнө жүзү боюнча өкүл болушубуз керек. Экономикалык өзүн-өзү камсыз кылууну кыялданган Индия бүткүл планетанын керектөөлөрүн канааттандырууда артта калбайт«, — деди Моди.

Модинин айтымында, кийинки чейрек кылымга коюлган максаттарды ишке ашырууда аялдардын ролу чоң.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version