Site icon Reporter.kg

Индияда 32 адам чагылгандан каза болду

Индиянын Уттар-Прадеш штатына түшкөн кубаттуу чагылган  32 адамдын өмүрүн алды. Чет элдик басылмалар жазгандай, кырсыктан дагы 13 адам жабыркаган.

Штат бийлиги каза болгондор менен жапа чеккендердин туугандарына акчалай жардам көрсөтүлөрүн малымдады.

Белгилей кетсек, учурда Индиянын аймактарында муссон нөшөрү баштала турган маал.  Мухиттен кургакка карай согуп турган муссон шамалынан күн бүркөлүп кубаттуу чагылган жаркылдайт.

Exit mobile version