Site icon Reporter.kg

Индияда эс алууга барган кыргызстандык аял көз жумду

Индияга эс алууга барган Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, турист 5-январь күнү Ришикеш шаарынын мейманканасында асынып турган абалда табылган.

Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги туристтин туугандары менен байланышкан. Алардын өтүнүчү менен аялдын сөөгү 8-январь күнү Бишкекке жеткирилди.

Министрликтин маалыматында, Ришикеш шаарынын полициясы иш козгоп, текшерүү жүргүзүүдө. Элчилик тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлгө алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version