Site icon Reporter.kg

Индияда кыргызстандык аял 7,5 кг алтын менен кармалды

Directorate of Revenue Intelligence Surat unit seized Rs 200 crore worth gold, diamonds and wrist watches

Кыргызстандык аял 7,5 кг алтын менен Индиянын Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортунда кармалды. Бул тууралуу Ommcom News жазды.

Маалыматка караганда, аял Кыргызстандан Нью-Делидеги аэропортко кечээ, 27-октябрда учуп келген. Бажы кызматкерлери алтынды текшерүү учурунда тапкан.

«Ал төрт алтын куйманы корсетте жасалган чөнтөктөргө катып алып өтүүгө аракет кылган. Анын алтынга тиешелүү документтери болгон эмес», — деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча «алтын аткезчилиги» боюнча кылмыш иши козголгон. Жергиликтүү соттун чечими менен ал 14 күнгө камакка алынган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version