Site icon Reporter.kg

Индияда учак кыйрап, 18 адам каза болду

«Эйр Индиа Экспресс» авиакомпаниясынын Дубайдан чыккан «Boeing 737» учагы 7-августта Индиянын түштүк батышындагы Керала штатындагы аэропортко конуу учурунда кырсыкка кабылган.

Анын натыйжасында 18 киши каза болуп, 136сы ар кандай жаракат алган. Бортто экипажды кошкондо 191 киши болгон.

Жүргүнчүлөрдүн көбү Дубайдан мекенине кайткан индиялыктар болгон.

Exit mobile version