Индиянын Керала штатында 143 адамдын өмүрүн алган жер көчкүдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Элчилик өлкөдө жүргөн мекендештер менен байланышта.
Дипломатиялык өкүлчүлүк менен төмөнкү номурлар аркылуу байланышууга болот: +91 9810304863,+91 9599921779.
Керала штатындагы жер көчкүдө каза болгондордун саны 165ке жетти.