Индонезияда болгон сел 60 адамдын өмүрүн алды

Индонезияда болгон сел 60 адамдын өмүрүн алды

Индонезияда суу ташкынынан жана селден кеминде 60 адам каза болду. Бул маалыматты, бүгүн, 5-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык өлкөнүн борбору Жакарта шаарында жана ага жакын аймактарда болгогон.

Учурда куткаруучулар 400 000 адамды коопсуз жайга алып чыгып, дайынсыз жоголгондорду издеп жатат.

Аба ырайы бузулуп нөшөрлөгөн жаандан дарыялар нугунан чыгып, электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, транспорт каражаттары токтотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>