Site icon Reporter.kg

Индус жигитине келген өзбекстандык келин топтошкон адамдар тарабынан зордуктоого туш болду

Делидеги индус жигитине келген өзбекстандык келин топтошкон адамдар тарабынан зордуктоого туш болду. Бул тууралуу кыздын Ташкенттеги туугандары билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Окуя тууралуу Индия басылмалары да жазды.

Зордукталган жарандын жакындарынын биринин айтымында, ал индус жигит менен “Фейсбук” аркылуу быйыл июнь айында таанышып, Делиге кеткен.

– Ал аны менен Жаңы жылдан кийин таанышып, кат жазышып жүрдү. Андан кийин туугандар ага жолго акча чогултуп, эки ай мурун Делиге жөнөтүшкөн. Ишемби күнү ал ыйлап чалып, ал жакта аны сабашканын жана зордукташканын айтты. Биз Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылдык, бирок бизге жооп берише элек, – деди ал.

India-TV телеканалы өзбекстандык келинди зордуктаган үч кишинин экөө кармалганын маалымдады.

Бул өзбекстандык кыз-келиндер Индияда зордукталган биринчи учур эмес. 2017-жылы Делиде өзбек жараны мурагы жигити жана дагы төрт киши тарабынан зордукталган. Жабырлануучу индус жигити менен социалдык түйүндөрдө таанышканы айтылган.

Exit mobile version