Site icon Reporter.kg

Инфраструктура, аба майданы: Ысык-Көл облусуна туристтерди кантип тартса болот

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жана Каракол шаарында уланды.

“Бир Бол” партиясынан талапкер Нурлан Шерипов чогулган элди  Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүү боюнча партиянын программасы менен тааныштырды. 

“Мен шайлоого биринчи жолу аттанып жатам жана Жети-Өгүз элинин атынан бара жатканым мен үчүн чоң сыймык. Мен райондун бардык көйгөйлөрүн билем. Өкүнүчтүүсү бизде жолдор абдан начар, көпчүлүк айылдарда таза суу жок. Мисалы, Чоң-Булак айылынын тургундары тоолуу аймактан суу ташып келүүгө аргасыз. Таза суу маселесин тез чечип, айланма жолду куруубуз керек. Эгерде бул көйгөйлөр чечилбесе,  анда биз абдан көп туристтерди жоготобуз. Биз инфраструктурага көңүл буруп, эс алуучу жайларды, жолду курсак, анда биздин аймак абдан сонун туристтик жай болот”,- деди Нурлан Шерипов.

Мындан сырткары, Жайлоо-Жайыт аймагында мал жайганга жер жок экенин, бул маселелерди тезинен чечүү керектигин баса белгиледи.

“Ысык-Көл облусунда өнүктүрүү фонд бар. Бул фондого жыл сайын “Кумтөр” кенинен түшкөн кирешеден 1% бөлүнүп турат. Андан миллиондогон доллар каражаттар социалдык тармакка кетет. Бул каражаттын 70%ын кайра иштетүүчү жаңы фабрика, заводдорду курууга, балык, мал чарбачылыгын түзүүгө жумшап, элди жумуш орундар менен камсыз кылыш керек. Ишканалар салынса, сөзсүз түрдө салыктан түшкөн кирешелер эффективдүү болот”,- деди талапкер.  

Дагы бир маселе кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу.

“Биздин дыйкандар күн-түн дебей талаада иштеп, картошканы жана алманы арзыбаган акчага сатып жатышат. Бул маселени чечүү үчүн кайра иштетүү ишканаларды куруу мезгил талабы. Экономикада пайдалуу аракеттин коэффициенти деген термин бар. Айланма жол менен аэропорттун пайдалуу аракетинин коэффициенти абдан жогору болот. Учурда Ысык-Көл облусу жыл сайын жарым миллиард доллар тапса, Каракол шаарында аба майдан жана жол курулгандан кийин 1,5 миллиард доллар тапса болот. Натыйжада, облустун кирешеси эки-үч эсеге өсөт”,-дейт Нурлан Шерипов.

Маалымат: “Бир Бол” партиясынан талапкер Нурлан Шерипов  юридика илимдеринин доктору. АКШнын Фулбрайт программасынын стипендианты.

[su_image_carousel source=»media: 41924,41923,41925″ crop=»none» autoplay=»4″]

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 28-сентябрь, 2020-жыл.

Exit mobile version