Instagram үчүн жаңы мессенджер иштелип чыгууда

Instagram үчүн жаңы мессенджер иштелип чыгууда

Facebook компаниясы Instagram`га  арналган атайын тиркеме иштеп чыкты. Threads деп аталган мессенджер учурда сынактан өтүүдө.

Тиркемени иштеп чыккандар, жаңы мессенджер Instagram`дагы “эң жакын достор” үчүн жасалганын айтышкан.  Колдонуучулар Direct`теги кадимки кат жазышуу жана маалымат бөлүшүү функциясынан сырткары кошумча:  турган жериңизди көрсөтүү, башка баскычка ыкчам өтүү, аккумулятордун кубаттуулугунун деңгээлин жана сторис баскычына функциясына жарыяланган билдирүүлөрдү автоматтык түрдө Threads тиркемесинен көрө алышат. Мындан сырткары тиркеме статусту кол менен жаңылоону да колдойт.

Жаңы тиркеменин бет ачары качан  болору азырынча белгисиз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>