Интернет клубда уктап калган адамдын телефонун уурдаган шектүү кармалды — видео

Интернет клубда уктап калган адамдын телефонун уурдаган шектүү кармалды — видео

Бишкекте интернет клубда уктап калган жарандын телефонун уурдап кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме жиберген маалыматта айтылгандай, окуя 12-февралда Байтик баатыр менен Достук көчөлөрүнүн кесилишиндеги интернет клубдардын биринде болгон.

Анда шектүү уктуп калган адамдын 13 миң сомдук Samsung үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткен.

Жабырлануучунун арызынын негизинде бул факты Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурулук») менен бирдиктүү реестрге катталган.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 46 жаштагы адам кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>