Site icon Reporter.kg

Интернет колдонуучулары 8 жана 13 жаштагы блогерлердин бирге жашоосуна нааразы болууда

8 жаштагы Милана Маханец деген модель кыз менен 13 жаштагы Паша Пал аттуу блогер инстаграм аркылуу мамилелерин жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр чогуу жашоону чечишкен. Бирок коомчулук тарабынан алардын аракети сынга кабылып, терс кабыл алынууда.

Ал эми блоггерлердин ата-энелери мындан эч кандай жаман нерсе көрүшпөгөнүн, аларга чогуу жашоого жана чагымчыл мүнөздөгү материалдарды тартууга уруксат беришкен. Интернет колдонуучулары ата-энелердин мындай кадамдарына нааразычылыгын билдиришүүдө.

Эксперттер болсо мындай көрүнүштөн, секелек кыздар педофилдердин оңой олжосуна айланып кетүү коркунучу бар экенин жана балдардын нормалдуу сексуалдык өнүгүүсүнө кол салуу деп баа берген.

 

 

Exit mobile version