Кыргыз Өкмөтү өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу буйруктун текстин Казак өкмөтүнөн көчүргөн болушу мүмкүн. Бул туурасында Абай Шерик аттуу интернет колдонуучусу өкмөттүн расмий сайтына 22-мартта жарыяланган документтин скрин-сүрөтүн Twitter баракчасына жайгаштырды.
“КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу” деген тема менен жарыяланган буйруктун текстинде «Республика Казахстан» деген сөз «Республика Кыргызстан» деп өзгөртүлбөй калган.
Абай Шерик жарыялаган скрин-сүрөттөн дагы бир чоң катаны көрүүгө болот. Анда “Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө абал режими киргизилсин” деп жазылган.
Бирок 2020-жылдын 22-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.
Биз коңшу өлкөнүн Президенти менен Өкмөтүнүн расмий сайтын аңтарып жатып, 2020-жылдын 15-мартында Казакстандын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу буйругун таап чыктык. Андагы айрым сөздөр Абай Шерик жарыялаган скрин-сүрөттөгү сөздөргө окшош экендигин көрүүгө болот.
Азыркы тапта Өкмөттүн расмий сайтындагы буйруктун текстери өзгөртүлгөн.
30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, 1-майдан тарта уруксат берилген тармактардын жоболору Казакстандан көчүрүлгөнүн айтып чыккан.