Site icon Reporter.kg

Интернет колдонуучулары Кыргыз өкмөтүн «уурулукка» айыптап жатышат

Кыргыз Өкмөтү өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу буйруктун текстин Казак өкмөтүнөн  көчүргөн болушу мүмкүн.  Бул туурасында Абай Шерик аттуу интернет колдонуучусу өкмөттүн расмий сайтына 22-мартта жарыяланган  документтин скрин-сүрөтүн Twitter баракчасына жайгаштырды.

“КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу” деген тема менен жарыяланган буйруктун текстинде «Республика Казахстан» деген сөз «Республика Кыргызстан» деп өзгөртүлбөй калган.

Абай Шерик жарыялаган скрин-сүрөттөн дагы бир чоң катаны көрүүгө болот.   Анда “Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө абал режими киргизилсин” деп жазылган.

Бирок 2020-жылдын 22-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

Биз коңшу өлкөнүн Президенти менен Өкмөтүнүн расмий сайтын аңтарып жатып, 2020-жылдын 15-мартында Казакстандын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу  буйругун таап чыктык. Андагы айрым сөздөр Абай Шерик жарыялаган скрин-сүрөттөгү сөздөргө окшош экендигин көрүүгө болот.

Азыркы тапта Өкмөттүн расмий сайтындагы буйруктун текстери өзгөртүлгөн.

30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, 1-майдан тарта уруксат берилген тармактардын жоболору Казакстандан көчүрүлгөнүн айтып чыккан.

Exit mobile version