Site icon Reporter.kg

Интернетте казактар кыргыз дарыгеринин эрдигин өздөрүнө ыйгарышууда (ВИДЕО)

Казакстандыктар социалдык түйүндөрдө демонстранттардын арасынан дарыгер чыгып, ак кездемени булгалап, куралчан полицияга келип ок атпоону суранып жаткан видеону талкуулашууда.

Анда ал дарыгер, куралчан милиция кызматкерлерине келип, «силер эмне кылып жатасың? Ал жерде адамдар өлүп жатат. Чынын айтсам,  10 киши каза болду. Кырчындай жаштар өлүп жатат. Алар биздин аталарыбыз, балдарыбыз жана бир туугандарыбыз. Биздин алгачкы жардам берүүчү бөлмөбүздө эч нерсе калбай калды” – деп кыйкырып жатканын видеодон көрүүгө болот.

Казакстандыктар бул видеону социалдык тармактарда Казакстандагы нааразылык акциялары учурунда болгону айтып жатышат. Бирок, видео 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги окуяларда  милиция кызматкерлери тарабынан тартылган.

Кандуу ыңкылаптан беш жыл өткөндөн кийин дарыгер Мадина Иминова «Вечерний Бишкек» гезитинин редакциясына абал кандай болгонун айтып берген.

«Ошол күнү мен президенттик администрацияны дарылоо бейтапканасында жумуш ордумда болчумун. Ак үйдү басып алуу аракеттери башталганына күбө болдум. Аянтка чуркап чыктым. Адегенде аскерлер элге желим октор менен атышкан, бирок ыңкылапчылар дарбазаны оодарышкандан кийин снайперлер чыныгы ок менен аткылай башташкан. Алган жараатынан улам көз жумуп жатышты. Ал эми калган жарадарларды ордунан, көбүн бейтапканаларга алып барып жатышты. Түн бир оокумга чейин жарадарлардын агымы тыйылбай жатты.  Кырчындай жаштар  жарадар болуп каза болушту. Мен снайперлерди токтотууга аракет кылышым керек деп чечтим. Мен ак памперстерди алып, Ак үйгө бардым, кагылган дарбазадан кирип, ок аткан жоокерлердин жанына келип, кан төгүүнү токтотууну, өз мекендештеримди өлтүрүүнү токтотууну өтүндүм, бирок мен кеткенден кийин алар ок атуусун баары бир токтотподу.  Бул күн эч качан бүтпөйт деп ойлогом,  башаламандык болду. Бирок, мен колуман келген алгачкы жардам көрсөтүүнү уланттым», — деди Иминова.

2011-жылы дарыгер «Эрдик» медалы менен сыйланган. 2015-жылы мэрия тарабынан ага Бишкек шаарынын ардактуу атуулу макамы ыйгарылган.

Exit mobile version