Интернетти көзөмөлдөө тууралуу мыйзам долбоору талкууга коюлду

Интернетти көзөмөлдөө тууралуу мыйзам долбоору талкууга коюлду

Жогорку Кеңештин депутаты кыргызстандыктар үчүн интернетти колдонууга чектөө киргизүүнү көздөөдө. Депутат Гүлшат Асылбаева  тарабынан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлду.

Анда мыйзамдын максаты катары  «жарандарды интернет мейкиндигинде жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталат» деп жазылган. Ошондой эле интернет түйүнүндө жалган же анык эмес маалыматты жайылтууга жол берилбестиги эскертилген.

Мындан сырткары интернетте маалыматты жайылтуунун тартиби менен шарттары, ошондой эле мыйзамдарды сактабаган учурда сайттар менен жарандардын интернет колдонуусуна чектөө киргизүү керектиги жазылган.

“Интернеттеги сайт же сайттын баракчасы жалган же анык эмес маалыматты жайылтуу үчүн пайдаланылышына жол бербөө; Жайылтуу чектелген же тыюу салынган маалыматты токтоосуз чектөөгө же ага жетүүгө тыюу салууга;  Интернет түйүнүндөгү сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээси ага юридикалык жактан маанилүү билдирмелерди жөнөтүп туруу үчүн Интернеттеги өзүнүн сайтына же сайттын баракчасына фамилиясы менен инициалдарын, электрондук дарегин жайгаштырууга милдетүү”, – деп жазылат анда.

Мыйзам долбоордо мындан сырткары, жалган маалыматтын жайылтылышына чара көрүү  ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жүктөлөрү,  ал эми  маалыматка жетүүнү чектөө же тыюу салуу тартиби  Өкмөт тарабынан белгилери жазылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>