Site icon Reporter.kg

Ипотекалык компания мүлк фондуна 150 млн сом киреше берген

Бүгүн, 9-декабрда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы мамлекеттик ипотека рыногун өнүктүрүү аркылуу калкты турак-жай менен камсыз кылуу маселесин карады, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Анда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) жетекчиси Аида Төлөгөнова маалымат берди. Фракция мүчөлөрү да арзан турак-жай менен элди камсыздоо боюнча орчундуу сунуштарды берди.

Фракция лидери Бактыбек Сыдыков МИК бүгүнкү күндө 4% менен ипотека берип жатканын кубаттап, аны чоң мамлекеттик программага айлантуу керектигин белгиледи. Анткени бүгүнкү күндө коммерциялык банктар 18-22% менен ипотека сунуштоодо.

“МИК бизге керек. Азыр бир да комерциялык банк мындай категорияларга бөлүп, арзан ипотека элге сунуш кыла албайт”, — деди фракция башчысы Б.Сыдыков.

Ал эми ипотекалык компания кандай иштейт – бул экинчи маселе дейт депутат. Анын баамында МИК мүлк фондуна киреше алып келүүгө милдеттүү эмес. Белгилүү болгондой, МИК мүлк фондусуна 150 млн сом киреше берген.

“Мамлекеттик мүлк фондуна МИК киреше берет деген эмне! Силердин бир гана милдетиңер бар, элди арзан-турак жай менен камсыз кылышыңар керек. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан пайда сураган – бул өкмөттүн дурус эмес иши. МИК башында түп-тамырынан туура эмес түзүлгөн”, -деп кошумчалады Бактыбек Сыдыков.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version