Site icon Reporter.kg

Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды

Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды. Тиешелүү мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш тарабынан “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты Кыргызстандын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Exit mobile version