«Ипотекалык насыя — бул кулчулук». Орусиялык миллиардер турак жай сатып алуунун башка жолдорун атады

«Ипотекалык насыя — бул кулчулук». Орусиялык миллиардер турак жай сатып алуунун башка жолдорун атады

Орусиялык миллиардер Игорь Рыбаков ипотека насыясын сынга алды. Ал мекендештерге батирдин суммасын толугу менен төлөп берүү үчүн кирешелерин көбөйтүп, акчаларын үнөмдөөгө кеңеш берди. Эксперт үйдөн насыя алуунун кемчиликтери жана үй сатып алууну каржылоонун башка ыкмалары жөнүндө видеотасманы өзүнүн YouTube каналына жарыялады.

Ишкер белгилегендей, англиялыктар менен америкалыктар ипотека насыясын (mortgage) эки башка сөздөн пайда болгон сөз деп айтышат: morte — өлүм, жана age – жаш курак. «Бул демек, сен өлгүчө төлөйсүн», — деген деп  баса белгиледи Рыбаков.

«Адамдар эки түргө бөлүнөт: чындыгында кедей эсептелген адамдар , ипотека алып, 10-20 жыл, кээде 30 жыл төлөгөндөр. Келгиле, математиканы карап көрөлү: бул адамдардын ипотека менен өмүр бою ашыкча төлөгөн суммасын эсептесек  бир нече батирлерлердин акчасы келип чыгат. Болгону адамдар акчаны эсептөөнү билбейт, ал эми банктар аны колдонушат ”, — деди миллиардер. Ал жарандарга ипотека насыясын алуудан, банктардын кулу болуп калуудан көрө, кирешени көтөрүү боюнча иштөөнү сунуш кылды.

«Экинчи типтеги адамдар, аларды бактылуулар деп атасак болот. Алар  ипотека алып, эки жылдын ичинде төлөп бергендер», — деп түшүндүрдү Рыбаков.

«Эми муну кененирээк талдап көрсөк,  алар графиктен озуп чыкты. Бул биринчиден, алар бул батирди эч кандай ипотекасыз эле сатып алса болот дегенди билдирет.  Алардын кирешелери мындай  мүмкүнчүлүк бар экенин тастыктады. Бирок бир нюанс бар: ипотека алып, андан кийин мөөнөтүнөн мурда төлөгөн адамдар бар экендигин банктар билишет. Ошондуктан, биринчи жылы камсыздандыруу боюнча жана ар кандай комиссиялык төлөмдөр боюнча, банктар ипотека насыя алуучууга бир топ күч келтирет . Эки жылдан кийин, бул акылдуу жигит, ипотека насыясын ашыкча төлөгөнүнө көз чаптырганда, чачын жулат».

Миллиардер экинчи типтеги потенциалдуу насыя алуучуларга батирдин баасын толугу менен төлөө үчүн акчаны үнөмдөөгө кеңеш берди. Мындан тышкары, анын айтымында, бөлүп-бөлүп турак-жай сатып алууга болот, ошондой эле турак-жай курулуш кооперативинин мүчөсү боло аласыз.

«Ипотека насыялары жөнүндө талкуу маанисиз. Чындыгында, ипотека насыясын татып көргөн адам кыйынчылыкка туш болуп, өз ыктыяры менен кулчулукка кириптер болот”, — деп сөзүн жыйынтыктады ишкер.

Буга чейин, 2020-жылдын декабрь айында Рыбаков ипотекалык насыяны сындап келген. Ал ипотекалык насыя ээлеринин жумуштан жана кадыр-баркынан айрылып калуу  коркунучун жана «плантацияга» (кредиттик жүк) көз каранды болуп калаарын айтып, ипотекалык насыяны кулчулук деп атады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>